Бүгүн, 4-февралда болжол менен саат 15:00дө Түштүк Магистраль жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде төрт автоунаа сүзүштү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы блдирди.
Алардын айтымында, “Тойота Ист”, “Хонда Фит” жана “Мерседес” үлгүсүндөгү эки автоунаалар кагылышкан. Алардын бири “Мерседес” үлгүсүндөгү унаа эл ташыган маршрутка такси болгон.
Буга чейин төрт адам жабыркагандыгы тууралуу маалыматтар болгон. Тилекке каршы бир адам ооруканага бара жаткан жолдон каза болгон.
Учурда чоң жол кырсыгынын себептери такталууда.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ