Аламедин районунда каракчылыкка шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы 5-февраль күнү билдирди.
Алардын айтымында? кечээ, 4-февралда милиция бөлүмүнө 27 жаштагы Лебединовка айылынын тургуну арыз менен кайрылып, телефонун уурдап кеткен белгисиз адамга карата чара көрүүнү суранган.
Аталган факт катталып, тергөө иштери башталган. Жогорудагы кылмыш ишине шектелип Ош облусунун Б.О. аттуу 23 жаштагы жараны кармалган.
Учурда кармалган жигит убактылу кармоочу киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ