Menu

Фото – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Текстильтранс» компаниясынын иши менен таанышты

Бөлүшүү:

Премьер-министр Мухаммедкалый Аблыгазиев Чүй облусуна жасаган иш сапарынын жүрүшүндө «Текстильтранс» компаниясынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы ишканага барып, фабриканын өндүрүш цехин көрдү.

Андан соң Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Токмок шаарындагы кудуретсиз абалда турган «Кыргыз-Кытай кагаз фабрикасы»  ААКтын аймагына барды.

Өкмөт башчыга мүлктүк комплексти ишке ашыруунун эсебинен банкрот абалдагы кагаз фабриканын бюджеттик карызын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат беришти. Кудуретсиз фабриканын өндүрүш имаратын ижарага алган «Текстильтранс» компаниясы мүлктүк комплексти алууга ниеттенип жатканын жана текстиль өндүрүшүнүн толук циклин уюштурууну пландап жатат.

Учурда «Текстильтранс» компаниясынын жалпы аянты 25 000 кв.м. болгон үч фабрикасы бар, ал жакта 550дөн ашык адам иштейт. Ишкана кездеме, трикотаж жана токулган байпактарды өндүрүү, дүңүнөн иштетүүгө адистешүүдө.

Өкмөт башчы бюджеттик карызды кайтаруу процессин тездетүү жана өлкөнүн, улутттук экономиканын экспорттук дараметин бекемдөөдөгө салым кошо турган, ата мекендик текстиль өнөр жайынын флагманын бири болгон текстилдик-тигүүчү «Текстиль Транс» ишканасын кеңейтүүну колдоого жардам көрсөтүү керектигин белгиледи.

Премьер-министр жетекчилерге ишкананын бадык маселелерин чечүүнү өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.

«Текстиль Транс» тууралуу маалымдама:

«Текстиль Транс» компаниясы 2008-жылы негизделген. 

Бүгүнкү күндө компаниянын тобуна Бишкек шаарындагы байпак токуу фабрикасы, Токмоктогу трикотаж фабрикасы жана «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын территориясындагы тигүү фабрикасы кирет. 

Фабрика заманбап, жогорку технологиядагы жабдуулар менен жабдылган. 

Фабрикадан өндүрүлгөн продукция ички дагы, Евразия экономикалык бирлигинин аймагында дагы атаандаштыкка туруштук бере алат. Өндүрүлгөн товардын 90% экспорттолот. 2018-жылы компаниядагы фабрикалардын жылдык жүгүртүүсү 10 миллиондон ашык долларды түздү. 

2016-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2017-2021-жылдарга карата пахта тармагын өнүктүрүү концепциясын бекиткен, ал эми «Текстиль Транс»   компаниясы дал ушул пахта өстүрүү жана кайра иштетүү боюнча класттердик долбоордун катышуучуларынын бири болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген концепциянын максаты төмөнкүлөр: 

– 10 миң гектар жерге пахта өстүрүү, 10-12 миң адамды жумуш орундары менен камсыз кылуу;

– 300 жумушчу орунун түзүү менен 6 миллион долларга пахтаны кайра иштетүүчү завод куруу. Заводдун кубаттуулугу: жылына 12 миң тонна буланы иштетет;

– 400 жумушчу орунун түзүү менен жылына 10 тоннага чейин жип чыгарган пахта ийрүүчү фабриканы 10 млн. долларга куруу. Бул чет өлкөнун сырьёсуна болгон көз карандылыкты жоёт жана пахтаны кайра иштетүүнүн бардык этабын көзөмөлдөөнүн эсебинен тышкы рыноктогу атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатат;

– 6 миң киши иштей турган кошумча тигүү фабрикасын ишке киргизүү, ал эми инвестициянын көлөмү болжол менен 7 млн. долларды түзөт. Натыйжада даяр продукцияынын 90% ЕАЭБ жана Европа өлкөлөрүнө сатыкка чыгат, ал эми жылдык товар жүгүртүүнүн көлөмү 100 млн. долларды түзүп, Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошот.

Кыргыз-Кытай кагаз фабрикасы тууралуу маалымдама: 

Кыргыз-Кытай кагаз фабрикасын түзүү тууралуу маселе 1994-жылдан бери айтылып келет, анктени ошол учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда насыя берүү тууралуу келиишмге кол коюлган. 

2002-жылы имараттардын жана курулмалардын өндүрүш комплекси эксплуатацияга берилип, ошондо түзүлгөн «Кыргыз-Кытай кагаз фабрикасы» ААКтын менчигине берилген. 

2006-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду күрөө тууралуу түзүлгөн келишимдин негизинде «Кыргыз-Кытай кагаз фабрикасы» ААКтын камсыз кылуучу кредитору болуп саналат. 

2011-жылдын октябрь айында ар кандай себептер менен фабриканын өндүрүш иши толугу менен токтогон. 

2014-жылы Чүй облусунун Райондор аралык сотунун чечими менен «Кыргыз-Кытай кагаз фабрикасы» ААК кудуретсиз деп табылган. 

Фабриканын курулуш ишине Кытайдын кредитинен 110 160,0 млн. юань (18,3 млн. доллар) акча каражаты кеткен, аны республикалык бюджеттин каражатынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төгүүдө.

Ушул кезге чейин бюджеттик карызды кайтаруу максатында «Кыргыз-Кытай кагаз фабрикасы» ААКтын мүлктүк комплексин ишке киргизүү үчүн ачык сынактар бир нече жолу өткөрүлдү. Бирок арыз түшпөгөндүгүнө байланыштуу бардык сынактар жараксыз деп табылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: