Бүгүн, 11-февралда, Биринчи май райондук соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин баш коргоо чарасынын мөөнөтүн 11-парелге чейин жылдырды.
Соттук отурумдун жүрүшүндө Дүйшөнбек Зилалиевдин адвокаты Юлия Богданова анын бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранган. Адвокат Зилалиевдин качып кете турган ою жоктугун айтып, күнөөлүү эместигин далилдерин билдирди.
Судья чечим чыгаруучу бөлмөдөн чыгып, адвокаттын сунушун четке кагып, мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди 11-апрелге чейин камакта калтырды.
Эске сала кетсек, 2010-2017-жылдары Зилалиевге Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш ишин козголгон. Ошонун негизинде, 2018-жылдын 8-декабрында УКМК тарабынан камакка алынган. Быйыл, августта тоо-кен тармагында лицензия берүү боюнча «Коррупция» беренеси менен жаңы иш козголгон. Мындай айыптарды четке кагып келет. Анын адвокатынын айтымында, “Зилалиев мыйзамсыз байыган” деген айып негизсиз, себеби ал кызматтан түшкөндөн кийин байыган экен.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ