Menu

ЭККМКнын кызматкери кызыктар адамдар менен биргеликте өлкөгө салык төлөмдөрүсүз 127 млн. сомдук товарды алып кирген

Бөлүшүү:

УКМК Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери тарабынан Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (ЭККМК) кызматкери тарабынан уюштурулган Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдөн КР аймагына салык төлөмдөрүсүз товар ташылып келип турган туруктуу схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 12-февраль күнү билдирди.

Такталгандай, 2017-2018-жылдары  Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Чүй облусунун Аламүдүн жана Иссык-Ата райондорунун райондор аралык бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери «К.С.А.», кызыктар адамдар менен биргеликте, КР аймагына ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жалган «О.у.С.» жана «А.у.Д.» наамына жалпы суммасы 127 млн. сомду түзгөн товарларды импорттогон.

Буга байланыштуу кошумча салык түрүндө төлөөгө тийиш болгон 15 млн. сомдон ашык мамлекеттин казынасына зыян келтирилгени аныкталды. Мындан тышкары аталган ЭККМК кызматкери эл аралык издөөдө жүргөн «БМВ-Х5» үлгүдөгү авто унааны пайдаланып жүргөнү такталды.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын ноябрь айларында ЭККМК жетекчилиги тарабынан аталган коррупциялык схемага тиешеси бар делген негизде «К.С.А» ээлеген кызматынан четтетилген, жабырлануучу «А.у.Д.» жана башкаларга салык төлөмдөрүнөн качуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштер өзүнчө ачылган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «К.С.А.» КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча айып тагылып, 6-февралда Октябрь райондук соту тарабынан КР УКМК тергөө камак жайына 2 айга камоо башкоргоо чарасы каралды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: