Бүгүн, 12-февраль күнү Жогорку Кеңеште Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьер-министрликке Акрам Мадумаровдун талапкерлигин сунуштады. Ал талапкердин өмүр баянын кыскача айтып, ЖКнын депутаттарынан сунушту колдоп берүүнү суранды.
Буга чейин ЖКнын көпчүлүк коалициясы вице-премьер-министрликке Акрам Мадумаровдун талапкерлигин жактырган.
Талапкерге суроо берүү үчүн 31 депутат жазылган. Учурда талкуу жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, Акрам Мадумаров Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенип келет.
Эсиңиздерге сала кетсек, күн мурун, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызмат ордунан бошотулган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ