Орусиянын борбору Москванын чок ортосундагы бейтапкананын жанынан бычактан жараат алып каза болгон кыргызстандыктын өлүк денеси табылган. Бул тууралуу 11-ноябрда “Москва” шаар жаңылыктарынын агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул 24 жаштагы Кыргызстан жараны болуп чыккан. Кылмыш куралы жеринен табылган эмес. Алдын ал маалыматтар боюнча кара куртка, кара топу кийген азиат улутундагы эки жаран өлтүргөн. Бул боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ