Эртең, 13-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 13-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: -1…-6 күндүз -2… +3
Таласта түнкүсүн: -2…-7, күндүз: -3…+2
Баткенде түнкүсүн: -3… +2, күндүз: +4…+9
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: -3…+2, күндүз +4…+9
Ысык-Көлдө түнкүсүн: -1…-6, күндүз: +2…+7
Нарында түнкүсүн: -8…-13, күндүз: -3…-8
Бишкекте түнкүсүн -1…-3, күндүз: 0…+2
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ