Menu

Сооронбай Жээнбеков: “Алыскы райондорду жана шаарларды таза суу менен камсыздоо — мамлекеттик саясаттын артыкчылыгы”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-мартта Баткен обулусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында «Баткен шаарын таза суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоорун иш жүзүнө ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын көмөгү менен аткарылып жаткандыгы белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Көкүмбек Таштаналиев бардык зарыл болгон курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын август айында бүткөрүлөөрүн маалымдады.

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында Баткен шаарында «Таза суу» муниципалдык ишканасынын жаңы имараты курулуп, керектүү техникалар менен жабдуулар алынган, жаңы канализациялык тутумдардын курулушу аяктоо алдында турат.

Бүгүнкү күндө Баткен шаары таза суу менен 60%га камсыздалды. Долбоордун жыйынтыгында шаардын таза суу менен камсыздалышы 98%га жогорулайт.

Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү тургундар менен баарлашуусунда алыскы райондор жана шаарларды таза суу менен камсыздоо аймактарды өнүктүрүүдөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыгы болуп эсептелээрин  жана анын шайлоо алдында берген башкы убадаларынын бири экенин өзгөчө белгиледи.

Таза суу менен камсыздоо маселелери аймактарды өнүктүрүү маселелери менен тыгыз байланышта экенин, анткени ал жер-жерлерде инвестиция тартууга, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө жана ички миграцияны кыскартууга өбөлгө-шарт түзөөрүн айтты.

Мамлекет башчысы 2024-жылдын соңуна чейин жалпы өлкө боюнча калкты таза суу менен камсыздоо маселеси этап-этабы менен чечилерине ишендирип өттү.

Президент жергиликтүү бийлик менен мамлекеттик тармактык органдарды аталган багытты өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жигердүү кызматташууну улантууга чакырды.

Эске салсак, акыркы жылдарда өлкөдөгү 107 айыл таза суу менен камсыздалган. Каржылоо булагы, анын ичинде эл аралык каржы институттарынын эсебинен каржылоо аныкталган 588 айылдын тизмеси түзүлгөн. 2024-жылга чейин 715 айылдагы ичүүчү таза суу менен жабдуу тутумдарынын курулушун бүткөрүү, колдонулуп жаткан инфратүзүмдү жаңылоо зарыл. Калкты таза суу менен камсыздоо долбоорлорун ишке ашырууга ар жылы республикалык бюджеттен каражат бөлүнөт жана бул тармакты өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдөн инвестиция тартуу багытында жигердүү иштер жүргүзүлүп келет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: