Menu

Астанадагы сүйлөшүүлөргө катышчу делегациялардын курамы белгилүү болду

Бөлүшүү:

Сирия жаңжалын жайгаруу боюнча Астанадагы сүйлөшүүлөрдө Сириянын өкмөттүк делегациясын өлкөнүн БУУдагы туруктуу өкүлү Башар аль-Жафари жетектейт.

Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенконун айтымында, Сирия оппозициясы 15 түрдүү топтон турат. Алар негизинен өткөн жылдын декабрынын соңунда ок атууну токтотуу режимин колдогон топтор.

Орусиялык делегацияны өлкө президентинин Сирия маселеси боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев жетектейт. Түрк жана иран делегацияларын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары баштап келишет. Сүйлөшүүлөргө БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стеффан де Мистуранын да барары күтүлүүдө.

Кошмо Штаттардын атынан өлкөнүн Казакстандагы элчиси Жорж Крол катышат. Күн мурун АКШнын мамлекеттик катчысы Астанадагы сүйлөшүүлөргө делегациясын жөнөтпөй турганын билдирген.

Роман Василенконун айтымында, Казакстан сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө кийлигишпейт, болгону жолугушуу үчүн аянтча гана болуп берет. Астанада сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү Орусия, Түркия жана Иран демилгелеген.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: