Menu

Видео – Рыскелди Момбеков: “Акнеттин” ээсин камап, эсебин ачып, 910 миллион сом акчаны тополоң салып бөлүп кетишиптир”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-февраль күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Рыскелди Момбеков бир жыл мурун “Акнет” компаниясынын тегериндеги болуп жаткан кылмыш иштери боюнча маселе көтөргөнүн айтты.

Депутат ага абакта жаткан “Акнеттин” негиздөөчүлөрүнүн бири Кубанычбек Ажымүдүновдун жана анын атасы Токон Ажымүдүновдун катын алганын билдирди.

“Ал кезде эсеби камакта, ээси эркиндикте эле. Эми болсо ээсин камап салышып, эсебин ачып алып, 910 миллион сом акчаны тополоң салып бөлүп кетишиптир. Мындайча айтканда кирешесине кирип кетишкен” – деп айтты депутат.  Рыскелди Момбеков президенттке болгон фактыны өкмөттүн өкүлү аркылуу берерин айтты.

“Азыркы күндө ишкер абакта жатат. Дарыгерлер октябрь айында Ажымүдүновко тез арада операция жасаш керек деген, бирок ага да мүмкүнчүлүк берилбей жатат. Бул деген эмне? Бул рейдерлик эмес. Бул адамдын өмүрүнө болгон коркунуч да. Же аны сындыруу, же тындыруу аракети болуп жатпайбы” – деди эл өкүлү.

Ал журналисттер менен сүйлөшүп, аталган маселе боюнча иликтөө жүргүзүүнү өтүнгөнүн айтты.

“Бул жерде мамлекеттик деңгээлдеги рейдерлик. Мүлктү тартып алуу фактылары барбы, жокпу аны убакыт көрсөтөт… Эсебин ачып алып, ичиндеги акчасын алып кеткен рейдерликпи? Ал жерде азыр кимдер отурат? Мурунку Мегакомдун башчысы, мурунку мамлекеттик технологиялардын жетекчиси отурат. Мамлекеттик кызыкчылык болсо, салыкты өндүргөндөн кийин ишкерлерге ктйлтгтшпеш керек болчу да. А бүгүн ээсин түрмөгө камап, бээсин алып келип, союп, этин бөлүп кетишти да” – деп билдирди Рыскелди Момбеков.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: