Menu

Министр Ч.Айдарбеков курчап турган чөйрө жана климаттын өзгөрүшү боюнча ЕБ-БА Жумушчу тобунун отурумунун ачылышында сөз сүйлөдү

Бөлүшүү:

12-февралда Европа Биримдигинин институттарына жумушчу сапарынын алкагында, Брюссель шаарында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков европалык тараптын чакыруусу боюнча курчап турган чөйрө жана климаттын өзгөрүшү боюнча Европа Биримдиги – Борбордук Азия Жумушчу тобунун 9-отурумунун ачылышында ардактуу конок катары сөз сүйлөдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өз сөзүндө Ч.Айдарбеков жалпысынан Кыргызстанда жана Борбордук Азияда климаттын өзгөрүшүнүн байкалып жаткан терс кесепеттери, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча өлкө көрүп жакан чаралар, анын ичинде, өзгөчө орунду ээлеген КРда «жашыл» экономиканы өнүктүрүү тууралуу отурумдун катышуучуларына маалымдады.

Климат жана экология тармагындагы кызматташтык Кыргызстандын тышкы саясатынын приоритеттеринин бири экендигин министр баса белгиледи. Ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө жана ага таасир этүүгө, атап айтканда, мөңгүлөрдүн ээришине, уран калдык сактагычтарын реабилитациялоого байланышкан көйгөлөрдү практикалык чечүү үчүн өлкөдө экологиялык дипломатия боюнча күч аракеттердин күчтөндүрүлүп жаткандыгын белгиледи. Кыргызстандын БУУнун Туруктуу Өнүгүү Максаттарын жана Париж келишимин жактай тургандыгын тастыктады жана аларды ишке ашырууга өлкөлөрдү чакырды.

Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө жана анын кесепеттерине ыңгайлашууда өз ара аракеттенүүнүн бардык деңгээлдеринде мамлекеттердин, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык сектордун, бизнес-коомчулуктун күч аракеттерин консолидациялоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

ЕБ менен БАнын кызматташтык Концепциясын ишке ашыруунун алкагында 2020-жылы жайында Бишкекте «Борбордук Азия – Европа Биримдиги: жашыл экономика чөйрөсүндөгү өнөктөштүк аракетте» аталышында Биринчи экономикалык форум болорун министр кабарлады. Бардык кызыкдар тараптарды форумга катышууга чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: