Бишкекте жеңил автоунаа көп кабаттуу үйдү сүзүп алды. Бул тууралуу жол кайгуул милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтар боюнча, күн мурун 13-февраль күнү болжол менен саат 22:00до Лермонтов жана Ворошилов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. “Ниссан” үлгүсүндөгү унаанын 1998-жылы туулган Б.В. аттуу айдоочусу рулду башкара албай, көп кабаттуу үйдү сүзүп алган.
Жол кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу, 29 жаштагы жана 16 жаштагы жүргүнчүлөр жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ