Бүгүн, 3-сентябрда Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов туулуп өскөн Самаркан шаарында анын сөөгүн жерге берүү зыйнаты өттү.
Ислам Каримовдун сөөгү коштошуу үчүн президенттин Самаркан шаарындагы резиденциясына коюлган. Ал жерге миңдеген өзбекстандыктар, өкмөт мүчөлөрү, чет элдик дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана ар түрдүү мамлекеттерден атайын келишкен мамлекеттик делегациялардын мүчөлөрү, журналисттер жыйналышкан.
Аза күтүү зыйнатын Ислам Каримовду жерге берүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзёев ачты. Бул комиссияга Өзбекстан Олий Мажлис Сенатынын төрагасы Нигматилла Юлдашев да кирет. Конституция боюнча эми Юлдашев 3 айга президенттин милдетин аткаруучу болот жана ушул 3 айдын ичинде президенттик шайлоону өткөрүш керек. Ошондой эле комиссиянын составында парламенттин төмөнкү – мыйзам чыгаруучу палатасынын спикери Нурдинжон Исмаилов, өкмөт мүчөлөрү жана коомчулуктун өкүлдөрү да бар.
Аза күтүү зыйнатында Ислам Каримовдун жубайы Татьяна Каримова жана кызы Лола Каримова-Тилляйева да катышышты. Ал эми улуу кызы Гүлнара Каримова көрүнбөйт. Кыязы алигиче үй камагында болсо керек.
Андан кийин Ислам Каримовдун сөөгү тарыхый Шахи Зинда мүрзөсүнө коюлду. Бул мүрзө толуп кеткендиктен жабылып, 20 жылдан бери эч кимдин сөөгү коюлбай калган. Ал жерде Ислам Каримовдун энесинин жана эки агасынын да сөөгү жатат.
Сөөктү жерге берүү ритуалдары мусульманчылыктын салттарын бекем сактоо менен өткөрүлдү. Каримовдун Ташкенден алып келинген сөөгү алгач аэропорттон ата-энесинен калган үйүнө жеткирилип, улуттук салттар аткарылгандан кийин сөөгү үйдөн чыгарылды. Резиденцияга жеткирилип, коомчулук менен коштошуу үчүн атайын даярдалган залга коюлду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ