Ысык-Көл облусундагы губернатордун орун басары Рита Борбукеева ушул күндөрү КСДП жана анын бийликтеги төбөлдөрүнө, президентке чаң жугузбоо жагынан алдына киши салбай баратат. Албетте, бир команда болгон соң жанындагы тилектештерин сатпай, алар үчүн “туруп берүү” да жакшы сапат деңизчи? Буга дейре Көлдөн чыккан бир кездеги КСДПчылар “ойт берип” кетишсе, Борбукеева алардан туруктуулугу, командага берилүү менен кызмат өтөгөндүгү аркылуу айырмаланууда. Кызыгы, Рита айым бийликтеги КСДПнын “көзүрлөрүн” жан-алакетке түшүп коргогону менен анын эзелтен партия үчүн короткон мээнетин партлидерлер акташтыбы? Обладминистрациядагы болгон “кара жумушту” кылган Рита айым анчалык эт-бетинен кетип, бийликти жан-алакетке түшүп коргоого албай, чеги менен арыдан-бери иш кылбайбы? Же анысы үчүн Акүйдөн кызмат алсачы? Азыр канчалык башыңды канжыгага байлап иш кылганың менен эмгегиңдин үзүрүн бийликтеги бир ууч башка топтор көрүп алышы мүмкүн.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ