Menu

Урматбек Самаев, ЖК депутаты: “Өкмөттөн келген жардамдарды айрымдар партиялардын атынан таратып жатышат”

Бөлүшүү:

Өкмөттөн келген жардамдарды айрымдар партиялардын атынан таратып жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Урматбек Самаев билдирди.

“Азыркы учурда өлкөдө оор сыноо болуп жатат. Буйруса бул кыйын кырдаалды ынтымак менен жеңебиз деп үмүттөнөм. Мына ушундай оор күндөрдө өкмөт тараптан жакшы жардамдар берилип жатат. Бул жакшы көрүнүш, жакшы иш. Бирок өзүңүздөр билгендей жакында беш шаарда жергиликтүү кеңешке шайлоолор болот. Ошол жерлерде мамлекет тарабынан берилген жардамдарды кээбир партиялардын атынан таратып жатышыптыр. Негизи өкмөт берип жаткан жардамды өкмөт берди деп таратышса болмок. Ушул маселени көзөмөлгө алып койсоңуздар. Ошондой эле ушул берилип жаткан жардамдардан Токмокто жашап, бирок башка жакта катталгандарга  берилбей жатыптыр. Бул жагы кандай болуп калат? Аларга дагы жардам берилиш керекпи же алар биздин жарандардын катарына кирбей калабы?”,- деди Урматбек Самаев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев каттоосуна карап жардам таратылбай турганын айтты.

“Жардамдарды таратуу боюнча мэрлерге, облустардын жана райондордун жетекчилерине тапшырмаларды бергенбиз. Токмокто башка райондордон келип жашагандар көп экенин билем. Мисалы, Бишкектин тегерегинде деле каттоосу жок жашаган жарандарга жардамдарды бердик. Ошондой эле Токмок шаарында жашагандарга дагы таратабыз”,- деди премьер-министр.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: