Жеке клиниканын медициналык кызматкерлерине айлык акысын төлөп бербей жатышат. Бул тууралуу журналисттерге “Vedanta” жеке клиникасынын медицина кызматкерлери билдирди.
Алардын айтымында, кол коюлган келишимге ылайык, кызматкерлер 14 күн иштеп, 14 күн өзүнчө изоляцияга өтүшү керек болчу. Ошол эле учурда, дарыгерлерге 60 миң сом жана медайымдарга 40 миң сом өлчөмүндө эмгек акы убада кылынган.
“Биз 14 күн иштегенде, алар ар кандай шылтоолор менен бизге акча каражат берүүдөн баш тартып жатышат. Кимдир бирөөгө акча жок, кээ бирлерине аягында төлөп берет деп айтышууда. Бүгүн болсо Ата-Мекен үчүн бекер иштөөгө болот деп дагы айтышты”, – дейт клиниканын кызматкерлеринин бири.
Ошондой эле, кызматкерлердин бири жумуштан илдетти жуктуруп алгандыгын дагы билдирди. Аны инфекцияны сырттан клиникага алып келгендигин айтып, анын акчасын такыр төлөбөй тургандыгын кошумчалады.
“Жеке клиника болгондуктан, акча каражат бар. Бир палата бир күндө 10 миң сом, жандандыруу бөлүмү 20 миң сом турат”, – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ