Menu

Белгилүү окумуштуу Теңдик Аскаров акыркы сапарга узатылды

Бөлүшүү:

6-мартта КР УИАда маркум Аскаров Теңдик Аскаровичти акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу КР УИАнын Эл аралык кызматташуу жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

КР УИанын корреспондент-мүчөсү, көрүнүктүү окумуштуу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, философия илимдеринин доктору, профессор Аскаров Теңдик Аскарович узакка созулган оорудан кийин, 2019-жылдын 4-мартында 82 жашында дүйнө салды.

Бүгүн, КР УИАдагы маркум Теңдик Аскарович менен коштошуу зыйнатында КР УИАнын вице-президенти, мүчө-корреспондент Тогусаков Осмон Асанкулович окумуштуунун өмүр таржымалына кыскача токтолуп: “Теңдик Аскаровичтин илимде өз ордун тапкан, илимий ири эмгек жасаган, адилеттүү адам эле. Баардыгыбыздын кабыргабыз кайышып турат. Жаткан жери жайлуу болсун. Туугандарына кайрат айтабыз” – деп кошумчалап кетти.

Кошумчалай кетсек, Теңдик Аскарович 1937-жылдын 18-декабрында Жалал-Абад областына караштуу, Токтогул районунун Коңур-Өгүз (Өзгөрүш) айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн (1960). Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын аспирантурасында окуп (1960-1963), анан. Философия жана укук институтунда кенже илимий кызматкер, окумуштуу катчы (1963-1967), кийин – «Кыргызстан маданияты» жумалык гезитинин башкы редакторунун орун басары, Кыргызстан компартиясынын БКнын пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы (1967-1971), Кыргызстан жазуучулар Союзунун төрагасы (1971-1986), Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагасы (1980-1985), 1986-жылдан тарта КР УИАнын азыркы философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунда сектор башчысы, окумуштуу катчы, социалдык философия, эстетика жана этика бөлүмүнүн башчысы сыяктуу кызматтарда үзүрлүү эмгектенди.

1964-жылы кандидаттык, 1993-жылы докторлук диссертацияларын жактаган, ал эми 2000-жылы КР УИАнын корреспондент-мүчөсү болуп шайланган.

Социалдык философия жана эстетика боюнча ири адис катары Т.Аскаров философиялык маселелерге, көркөм маданиятка диалектиканын мыйзамдары менен категориялары аркылуу терең ой жүгүртүп, илимий, көркөм процесстин көрүнүштөрүнө анализ жүргүзүүнүн салттуу эмес жолдорун издөөгө далалат кылган.

Анын илимий эмгектерине жандуу чыгармачылык процессти жакшы билүүчүлүк жана теоретикалык ойломдун жогорку деңгээли, теоретикалык ой жүгүртүүлөр менен жалпылоолордун ар тараптуулугу менен кеңдиги таандык. Терең эрудиция менен үзүрлүү илимий дараметке ээ болуу нукура илимге болгон жакындыкты, теоретикалык анализдерге болгон тартылууну так көрсөтүп, идеялык-саясий маданиятка ээ болгон. 400 дөн ашуун жарык көргөн илимий, илимий-публицистикалык эмгектердин, анын ичинде 16 монографиянын, 1 окуу куралынын, 4 макалалар жыйнагынын, 9 брошюранын автору.

Философия илимине кошкон өзгөчө салымы катары анын төмөнкү илимий эмгектери эсептелет: «Эстетическая природа художественной условности». Фрунзе, 1966; «Философский анализ литературного процесса». Алматы, 1993; «Образдуу ой жүгүртүүнүн чексиздиги». Бишкек, 2000; «Поиски вечного абсолюта». Бишкек, 2010 ж.б. Анын жетекчилиги алдында бир нече докторлук жана кандидаттык диссертациялар жакталган.

Теңдик Аскаровдун илимдин өнүгүүсүнө кошкон салымы мамлекет тарабынан жогору бааланган. Ал «Элдердин достугу», «Ардак Белги» ордендери, Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасы, «Даңк» медалы менен сыйланып, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамына ээ болгон.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: