Menu

Айга космостук туризмдин жолу ачылды

Бөлүшүү:

«SрасеХ» компаниясынын «Крю Драгон» аттуу сынамык аба кемеси Эл аралык космостук станцияга ийгиликтүү жетип барды. Бул тууралуу NАSА өзүнүн расмий порталынан кабарлады.

Компаниянын жетекчиси Илон Маск: «Өтө чарчадым. Анткени ашыкча стресси бар иш болчу. Кантсе да кыйынчылыктарыбыз өз жемишин берди»,-деп жазды өзүнүн Твиттер баракчасынан. Маалым болгондой, компания бул долбоордун үстүндө узак убакыттан бери иштеп жаткан болчу.

Маалыматка ылайык, аба кемесинин ичинде орусиялык, америкалык жана канадалы күч астронавт бар. Алар беш күндүк сапар ичинде кеме саякатынын чоо-жайын караштырып, ар түрдүү тесттерди жүргүзүшөт.

Ошондой эле, кемеде саякат жасоочу адам кандай психологиялык, эмоционалдык жагдайларга дуушар болорун аныктоочу сенсордук аппараттар жайгаштырылган.

Кошумчаласак, адистердин айтымында, бул долбоор компаниянын Айга уюштурууну көздөп жаткан космостук туризмине жол ачат. Буга чейин алар компаниянын 2022-жылга пландап жаткан Айга турисn ташуу долбоорунун чийки экенин, көп изилдөө, тактоолорду жүргүзүү зарылдыгын айтып жатышкан болчу.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: