14-февралдан 17-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Бишкек-Ош автоунаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Ала-Бел ашуусунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунда, Чапчыма ашуусунда, Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
“Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Озунуздордун жана жакындарыныздардын коопсуздугун сактаңыздар” – деп айтылат билдирүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ