Menu

УКМК: «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси Камилжан Рузиев алдамчылыкка айыпталып, кармалды

Бөлүшүү:

КР УКМК тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө документтерди жасалгалоо фактысы боюнча Ысык-Көл областында «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, 1963-ж.т., Рузиев Камилжан Якупович кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин 2-бөлүмү (документтерди жасалмалмасы) жана 204-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Каракол шаарынын ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда УКМК бул кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

УКМК К.Рузиевден жабыркагандар болсо КР УКМК Ысык-Көл областтык башкармалыгынын 03922 51180 жана КР УКМК Нөөмөт бөлүмүнүн 0312 660475 телефондоруна кайрылсаныздар болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: