Бүгүн, 22-майга карата Кыргызстанда дагы 37 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 6, Нарын облусунан – 21, Ош облусунан – 6, Соль-Илецкиеден келгендерден – 1, Санк-Петербургдан келгендердин арасынан – 3 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 1350гө жетти. Алардын ичинен:
– Жалал-Абад облусунда — 155 адам;
– Ош облусунда — 203 адам;
– Ош шаарында — 132 адам;
– Бишкек шаарында— 348 адам;
– Нарын облусунда — 242 адам;
– Чүй облусунда — 108 адам,
– Баткен облусунда — 25 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 14 адам.
– Соль-Илецкиден келгендердин арасынан – 105 адам,
– Санк-Петербургдан келген жарандардын арасынан – 18 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ