“Бишкекжылуулукэнерго” компаниясынын кызматкерлери кайрымдуулук акциясынын алкагында кан тапшырышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 14-февраль күнү билдирди.
“Биздин кызматкерлери муктаж болуп жаткан адамдарга жардам бергилери келди. Алар бардык тиешелүү текшерүүдөн өтүп, анкета толтуруп, донор болушту” – деп айтылат маалыматта.
Ишкана үчүн мындай акция биринчи жолу өтүп жатканы айтылып, эми кан тапшыруу алардын салтына айланары белгилүү болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ