Menu

ТИМ Башчы Чыңгыз Айдарбековдун Люксембургга биринчи сапары болду

Бөлүшүү:

Кечээ, 13-февралда Люксембург Жогорку Герцогствосунун тышкы жана европа иштери министринин чакыруусу боюнча КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун тарыхта биринчи жолу Люксембургга сапары болду. Сапардын алкагында Ч.Айдарбековдун Люксембург Жогорку Герцогствосунун тышкы жана европа иштери министри Ж.Ассельборн менен тар жана кенен форматтардагы жолугушуусу болуп өттү.

Кыргыз Республикасы менен Люксембург Жогорку Герцогствосунун ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташууну арттыруу маселелери талкууланды. Өлкөлөр ортосундагы долбоордук-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгү жана кызматташуунун бардык спектри боюнча эки тараптуу байланыштарды активдештирүү үчүн ар кандай деңгээлдерде өз ара сапарларды уюштуруунун зарылдыгы белгиленди.

Министр Ч.Айдарбеков эки тараптуу экономикалык кызматташууну мындан ары кеңейтүүнүн приоритеттүүлүгүн баса белгиледи. Ушуга байланыштуу 2020-жылдын жайында Бишкекте өткөрүлүшү пландалып жаткан «Борбордук Азия – Европа Биримдиги: жашыл экономика чөйрөсүндөгү өнөктөштүк аракетте» деп аталган Биринчи экономикалык форумдун ишине люксембург тарабын активдүү катышууга чакырды.

Эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүсү боюнча кенен диалог орун алды жана эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмашылды.

Белгилүү замандашыбыз, дүйнөлүк атак-даңкы бар жазуучу, Кыргыз Республикасынын Люксембургдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси катары иштеген Ч.Айтматовдун эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө кошкон салымын тараптар канааттаануу менен белгилешти. Люксембургдун борбор шаарынын көчөлөрүнүн бирин Ч.Айматовдун атынан атоо чечимин кабыл алгандыгы үчүн Министр Ч.Айдарбеков люксембург тарабына ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле региондор аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү, атап айтканда, Кыргыз Республикасындагы Люксембург деп аталган айыл менен байланыштарды арттыруу жолдору каралды.
Министрлер авиакаттамдар, ошондой эле салык жана банк чөйрөлөрүндө эки тараптуу макулдашуулардын долбоорлорун иштеп чыгуу маселелерин талкуулады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: