13-февралда Корея Республикасында Кыргызстандын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелованын адам ресурстарын ɵнүктүрүү Кызматынын (Human Resources Development Service of Korea) Президенти Ким Донг Ман менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуу учурунда Кыргызстандын эмгек мигранттарынын укугун коргоп жумушка иштөөгө уруксат бере турган (EPS) системасы тууралуу суроолур талкууланды. Элчилик Кыргызстандын жарандары үчүн эмгек контрактарын кɵбɵйтүүгɵ жардам берүүсүн суранды.
Ɵз кезегинде HRDнын Президенти Ким Донг Ман Тʏштʏк Кореянын кичине жана орто ишканалары ɵлкɵдɵгү экономикалык абалга жараша чет ɵлкɵлүк жумушчуларды жалдоону кыскартышканын кабарлады.
Элчи Кыргызстандын жарандарынын эмгек потенциалы жɵнүндɵ айтып берди. Жумушка иштɵɵ үчүн уруксат берүү системасы адам ресурстарын ɵнүктүрүүгɵ, тажрыйбы жана билим алмашууга жана аларды келечекте Кыргызстанда колдонууга жардам берерин айтты.
Тараптар эмгек контрактарын кɵбɵйтүүнү жана Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы жумуштарды улантууну макулдашышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ