Menu

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү этабы жүрүүдө

Бөлүшүү:

КРнын Президентинин Жарлыгы менен үстүбүздөгү жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү этабы жүрүүдө. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

21 жаш куракка толгон, жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу.

Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же соттун мыйзамдуу өкүмү күчүнө киргендиги боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар, ошондой эле соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар шайлоого жана шайланууга укугу жок.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо пропорциялуу тутум боюнча жүргүзүлөт, айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо – мажоритардык тутум боюнча жүргүзүлөт.

Талапкерлерди көрсөтүү укугу төмөнкүлөргө таандык:

– шаардык кеңештерге – саясий партияларга;

– айылдык кеңештерге – саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга.

Партиялар тарабынан (1) шаардык кеңештерге көрсөтүү ар бир бирдиктүү шайлоо округу боюнча ошол жергиликтүү кеңеш үчүн белгиленген депутаттык орундардын санынан бир жарым эседен кем эмесинен ашкан талапкерлердин санында жүргүзүлөт.

Маселен, мандаттарынын саны 45 болгон Ош шаары үчүн партиянын тизмесиндеги талапкерлердин саны 68ден кем эмес болууга тийиш, мандаттарынын саны 31 болгон Токмок, Каракол, Балыкчы, Майлуу-Суу шаарлары үчүн партиянын тизмелеринен ар бир тизмесиндеги талапкерлердин саны 47ден кем эмес болууга тийиш.

Партиялар тарабынан (2) айылдык кеңештерге ар бир көп мандаттуу шайлоо округу боюнча ал округ боюнча белгиленген мандаттардын санынан ашпаган сандагы талапкерлерди көрсөтүү менен жүргүзүлөт.

Талапкерлердин тизмесин түзүүдө партиялар, бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү, мында талапкерлердин тизмесинде аялдардын жана эркектердин кезегинин айырмасы эки позициядан ашпоого тийиш.

Саясий партиялар башка партиялардын мүчөлөрүн талапкерликке көрсөтүүгө укуксуз!

Айылдык кеңештерге өзүн көрсөтүү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына талапкер болуп көрсөтүлүүгө ниеттенгендиги жөнүндө арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт.

Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына зарыл документтерди берүү этабы төмөнкүдөй аяктайт:

– шаардык кеңештер үчүн – добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күн калганда б.а. 2020-жылдын 2-мартында саат 24.00гө чейин;

– айылдык кеңештер үчүн – добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда б.а. 2020-жылдын 12-мартында саат 24.00гө чейин.

Каттоо үчүн талапкерлер (айылдык кеңештерге), партиялар (шаардык кеңештерге) же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкүлөрдү (анын ичинде электрондук түрдө) берет:

1. партиянын аталышын көрсөтүү менен талапкерлерди/талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечимин же болбосо өзүн көрсөтүү жөнүндө арызды;

2. талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган өзүн (шаардык кеңештерге) талапкерлердин тизмесине киргизүүгө макулдугу жөнүндө арызын жана өзү жөнүндө маалыматтар бар атайын форманы (өмүр баянын жана башка маалыматтарды);

3. талапкерлердин паспортторунун көчүрмөлөрүн, иштеген же жашаган жеринен маалымкаттарын;

4. шайлоо күрөөсүн киргизгендигин ырастоочу документти;

5. документтер:

-башка мамлекеттин жарандыгынын жоктугу жөнүндө;

-соттуулугунун жоктугу же болбосо негизинде талапкер соттолгон КР Жазык кодексинин беренесинин (беренелеринин), чет мамлекеттин мыйзамынын беренесинин (беренелеринин) номерин (номерлерин) жана аталышын (аталыштарын) көрсөтүү менен мурда болгон, учурдагы соттуулугу жөнүндө, эгерде талапкер учурдагы КР Жазык кодекси менен кылмыш деп таанылган жосундар үчүн көрсөтүлгөн мыйзам актыларына ылайык соттолсо;

6. Ар бир талапкер тарабынан толтурулган, мыйзамдарда белгиленген формадагы жеке маалыматтарды жыйноого жана текшерүүгө макулдук.

Шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда (2020-жылдын 13-мартына чейин), айылдык кеңештерге – добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күн калганда (2020-жылдын 23-мартына чейин) аяктайт.

Шайлоо фондулары: Жарандар айылдык кеңештерге өзүн көрсөткөн учурдан тартып (өзү же болбосо ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу), ал эми саясий партиялар  талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып (ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу) каттоо үчүн документтерди бергенге чейин шайлоо өнөктүгүн каржылоого шайлоо фондуларын түзүшөт.

АШКга каттоо үчүн зарыл болгон документтерди берүү менен бирге саясий партиялар тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына шайлоо фондусунун өлчөмү, анын булактары жөнүндө, ошондой эле каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө отчётторду беришет.

Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фондуларындагы акча каражаттарынын келип түшүү булактары жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жума сайын жарыяланып турат.

Талапкер, саясий партия төмөнкүлөррдү дайындоого укуктуу:

– өздөрүнүн ишенимдүү адамдарын;

– тиешелүү аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларында катталгандан кийин өз өкүлүн;

– шайлоого катышууга байланыштуу маселелер, анын ичинде каржы маселелери боюнча экиден ашык эмес ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн;

–  шайлоону даярдоого, добуш берүүнүн өткөрүлүшүнө, добуштардын саналышына, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого мыйзамдарда каралган тартипте байкоо жүргүзү үчүн байкоочуну.

Маалымат үчүн:

2020-жылдын 12-апрелине дайындалган шайлоо 30 жергиликтүү кеңеште өтөт. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун Календары менен КР БШКнын сайтынан же шилтемеге өтүп, кеңири таанышса болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: