Menu

Белгилүү өзбек актеру Матякуб Матчонов эркиндикке чыкты

Бөлүшүү:

31-октябрда Өзбекстандын белгилүү театр жана кино актеру Матякуб Матчонов мунапыстын негизинде сот залында бошотулду.

Өзбекстандын Эмгек сиңирген артисти Матякуб Матчоновго карата бир катар экономикалык жана каржы кылмыштар боюнча күнөөлөр тагылган. Ал 4-июлда дүң соода менен алектенген “Марса” коммерциялык уюмунун негиздөөчүсү жана башчысы катары кармалган.

60 жаштагы актер жана коммерсант соода эрежелерин бузуу, салык төлөөдөн качуу, коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды өндүрүү, сактоо, сатуу жана арам акчаны адалдаштыруу боюнча айыпталган. Актер кармалгандан кийин анын маңзат сатуу менен байланышы бар экени да айтылган. Бул арада Матчонов жана “Марса” уюмунун кызматкерлери 180 миллион сум каражатты мамлекеттин пайдасына өндүрүп бергендиги кабарланууда.

Матякуб Матчонов «Шайтанат», «Темир киши», «Согдияна» жана башка тасмалардагы ролдору менен белгилүү. Ал Конституциянын 24 жылдыгына арналган мунапыстын негизинде эркиндикке чыкты.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: