Menu

Кыргызстанда автоунаалар кымбаттайт

Бөлүшүү:

Ушул тапта машина ташыгандардын күнү туул, буга чейин Европадан алып келген автоунаалар өз кардарларын тынымсыз таап жаткан учуру. Келерки жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда автону бажылык жол-жоболоштуруунун жаңы эрежелери күчүнө кирет: республикага Евразиялык экономикалык биримдиктен тыш өлкөлөрдөн ташып келинген машиналар алда канча кымбаттайт. Мисалга, КРдеги эң кеңири жайылган 2009-жылы чыгарылган Тоуоtа Саmrу унаасын бажылык жол-жоболоштуруу 11 эсеге: 1 250 доллардан 15 600 долларга чейин жогорулайт. Убактысы жылып калышы да ыктымал. Кыргызстандын өкмөтү ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө автомобилдерди бажылык жол-жоболоштуруунун жеңилдетилген мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен кайрылган, бирок азырынча жарытылуу жооптор жок. Айрым маалыматтарга караганда бул өтүнүчтөн баш тартканы да айтылууда.

Мына ушундан улам азыртан автоунаа сатып алуу күчөп жаткан кези. Айрыкча, кыргызстандыктар люкс классындагы авто жана жолтандабастарды көп сатып ала баштады. Соңку 5-4 айда кардарлар Тоуоtа Land Cruiser жана Lехus 570 унааларын көбүрөөк тандашып, ушул машиналарга буйрутмаларды көбүрөөк бере башташкан. Машина ташуучулардын айтымында чындап эле автоунаага болгон баа 1000-2000 долларга көтөрүлөрүн айтышууда. Бир кездеги Lехus СХ 460 унаасын 58-59 миң долларга келсе, азыр 45 миң доллар боло баштаган.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: