Бүгүн, 9-июлда экс-депутат Камчыбек Ташиев ооруканадан чыкты. Бул тууралуу саясатчы Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымы боюнча, калган дарыланууну ал үйдөн улантат.
“Элимдин дубасы, ак тилектери, Аллахымдын буйругу жана ак халатчан баатырларыбыздын зор эмгектери бизди сактап калды! Миңдеген адамдардын телефон, ватсап жана башка суроолоруна, каалоолоруна жооп бере албадым, туура түшүнүңүздөр, баарыңыздарга ыраазымын, эми жашоом кайрадан башталды. Мындан кийинки өмүрүм элдики, баардыгын элге деп өтөмүн, бүгүнтөн баштап жардам берүүчүлөрдүн чоң армиясынын катардагы солдатымын! Жаша Кыргызстаным, дем ал, дем ал боордошум, ынтымакта жеңебиз!” – деп жазды Камчыбек Ташиев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ