Menu

Айпери Суранчиева, алып баруучу, ди-джей: “Борборго келгендеги кыялдарымды орундаттым…”

Бөлүшүү:

Жаш муундун аракетчилдиги көп адамды кубандырат. Азыркы жаштар көңүл ачуу, жеңил-желпи иштер менен алек болуу сыяктуу адаттардан алыс болуп, күжүрмөн эмгекчил, ар тараптан өнүгүүнүн жолун издеген түйшүкчүл жана ийгиликтүү инсандардан болуп чыгып жатышканына көңүлүң сүйүнөт. Ошондой жаштардын бири – теле жана радио жылдызы Айпери Суранчиева. Айпери ар тараптан өнүгүп келе жатканын дагы бир ирет далилдеп, өзүнүн жеке сулуулук салонун ачып, айымдардын ажарын ачып эле тим болбостон, сулуулук индустриясынын өнүүгүсүнө салымын кошуп, визажисттерди окутуп жаткан убагы. Ажарлуу айымдын ийгилик сырларын төмөндө окуңуз.

– Айпери, салон ачыптырсың, кут болсун. Жетекчи болгон кандай экен? Сулуулук жаатына өтүүңдүн себеби?

– Рахмат, негизи көптөн бери чакан иш баштап, аны иштетүүнү максат кылып келчүмүн. Бирок убакыт-сааты эч эле чыкпай жүрүп, ал максатым быйыл орундалды. Жетекчи болуу оор, бирок мен жетекчи катары салондо жөн гана көзөмөлдөп олтурбайм. Ал жерде мен да кадимкидей эле адисмин. “Визажист” адистигин окуп анан бул салонду ачтым. Кандай гана ишти баштаба, ал жаатта билимиң болбосо иштетүү оор деп ойлойм. Жогоруда айтып өткөндөй, шаарга келгенден бери чакан иш ачам деген максатым бар эле. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, бул жаатка бир өңчөй өтүп кеттим. Буга чейинки аркалап келген иштериме бир аз тыныгуу кылуудамын. Себеби эки жакты тең алып кетүү оор. “Эки тоонун чөбүн эңсеген эчки ачкадан өлөт” дегендей, бир жаңсыл студиянын ишин жылдырайын дедим.

– Кардардын каалоосу дайыма мыйзам эмеспи, көңүлдөрүн алуу кыйын бекен?

– Ооба туура айтасыз, тейлөөчү үчүн кардардын пикири ар дайым туура. Кардарларга болушунча сылык мамиле кылуу бизде шарт. Азырынча практикабызда чектен ашкан деле кардарлар жок. Андыктан иш алып баруу оңой жана жеңил болуп жатат. Ушул эле темп менен ишти дагы да алдыга өнүктүрүүнү пландап жаткан убагым.

– Азыр ар кадам сайын сулуулук салондун эшигин сүзөсүң, атаандаштыкка кантип туруштук берүүдөсүң?

– Ар бир пендеге жаратканым өз ырыскысын чачат эмеспи. Аракет кыла берсең үзүрү сөзсүз болот. Эң негизгиси ниет түз болуш керек го. Кудайдын ырыскысынаң кур болбойлу, бардыгыбызга берээрин унутпасын.

– Чыгармачылыкка бир кезде кайтсаң керек?

– Азыркы жасап жаткан иштерим кечээки кыялым эле. Ушул кыялды ишке ашырган соң майын чыгара иштеп, көздөгөн максатыма жетүүнү максат кылуудамын. Чыгармачылыкка сөзсүз кайтуу ниетиндемин. Азыр тек гана тыныгуудамын.

Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: