Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Алексей Мощин БШКга жана Ички иштер министрлигине Мелис Аспеков менен Төрөхан Жунусбековго каршы арыз жазды.
Юристтин айтымында, алар Садыр Жапаровдун штабынын кызматкерлери эмес жана ага эч кандай тиешеси жок, бирок алар өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик кызматка талапкердин атын жана үгүт материалдарын колдонушууда.
Алексей Мощин Ички иштер министрлигинен жана Борбордук шайлоо комиссиясынан чара көрүүнү суранат. Ал Аспековго дагы, Жунусбековго дагы эч ким үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат бербегенин белгиледи.
Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ