Бишкек шаардык соту мурун 17 жылга кесилген “мыйзамдагы ууру” “Сакал” аттуу каймана аты бар Улан Токтосуновдун ишин кайра карамай болду. Иштин кайра каралышы жаңы кодекстин натыйжасында болот экен. Эске сала кетели: Дамирбек Сапарбеков деген уюшкан топтун мүчөсүн 2017-жылы 27-апрелде Жал кичирайонунан атып кетишкен. Арадан көп убакыт өтпөй аткан кылмышка шектүү Адилет Казаков деген Казармандын тургуну кармалган. Ал “Сакалдын” тобундагы неме экен. Ошондон кийин Сапарбековдун өлүмү боюнча таластык “Сакал”- Улан Токтосунов, чүйлүк Зыпарбек Алиев жана көлдүк Улан Токтомушевди Турциядан учуп келгенде “Манас” аэропортунан кармашкан. Токтосунов СИЗО-1 де кармалмак болгон, бирок, ал жерде анын өмүрү коркунучта дешип Нарынга которушкан… Жаңы мыйзам боюнча Токтосуновдун 17 жылы кыскарат болуш керек. Бул жаңы кодекс кылмышкерлерге сонун эле болбодубу?!
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ