– Рита айым, жарандык активисттер Акүй алдына чогулган атыпсыздар…
– Ооба, 23-ноябрда Атамбаев президент катары акыркы иш күнүн өткөрөт. 20-ноябрда берген пресс-конференциясына карасак, Суу кодексине кол коюп кетери маалым болуп калды. Мөңгүлөрүбүздүн тагдыры чечилет. Петиция аркылуу биз мөңгүлөрдү колдоого 2000ге чейин кол топтодук. 23-ноябрда эртең менен саат 9.30да Акүйдүн алдына чогулуп, президентке петиция тапшырып кетебиз. Каалагандар болсо жарандык өз милдетин өтөп келип кетүүгө чакырабыз. Мөңгүлөргө президенттен дагы да болсо акыйкаттыкты күтөбүз.
– Акүй алдына кимдер чогулушат?
-Уулдадык-чуулдадык, пикетке да чыктык. Мөңгүнү коргоп калууга жан үрөдүк. Бирок колдон чыгып баратат. Калганын А.Атамбаевдин абийирине койдук. Активистгер, мөңгүлөрдүн талкаланышына каршы болгон жарандардын баары чогулабыз.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ