Жаш ырчы Мыктыбек Нурланбеков Румыниянын Пьятра-Нямц шаарында өткөн эл аралык ыр сынакта баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу ал өз баракчасында билдирүү калтырган. «Сынакка Украина, Франция, Молдова, Румыния, Кыргыз мамлекети жана башка өлкөлөрдөн 50дөн ашык ырчы катышты. Мен Атай Огомбаевдин «Эсимде» аттуу чыгармасын аткарып, Гран-прини жеңип алдым», – деп билдирет ырчы мырза.
Ошондой эле ырчы Украина, Болгария өлкөлөрүндө өтө турган дүйнөлүк сынакка катышууга жолдомо алганын кошумчалады.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ