Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушканда, Мамлекеттик салык кызматынан түшкөн киреше 62 632,8 миллион сомду түзүп, 2018-жылдын көрсөткүчүнө караганда 567,8 миллион сомго өскөнүн жана 2019-жылдын январь—декабрь айларында Мамлекеттик бажы кызматынан түшкөн каражат 43 296,3 миллион сомду түзүп, 2018-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 1 624,4 миллион сомго көп болгонун маалымдады. Ошондой эле министр 2020-жылда республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 163 710,4 миллион сом деп пландалып жатканын билдирди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ