Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарынан ири көлөмдөгү акчаны уурдаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, үстүбүздөгү жылдын 7-январында 51 жаштагы жаран “Matiz” үлгүсүндөгү унаасын үйүнүн жанына токтотот. Ал дарбазаны ачып жаткан маалда, медициналык беткап кийген белгисиз адамдар унаанын терезесин сындырып, сумканы уурдап кетишет. Анын ичинде 460 миң сом болгон.
Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүнүн алкагында кылмышка шектүүлөр Бишкек шаарынан кармалган. Алар бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бирөөсү он жолу соттолгон.
Кармалган эки жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ