Кечээ, 17-февралда Твиттер социалдык тармагында “Инсайдер” деп катталган колдонуучу Оштогу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн кармалган видеосун жүктөгөн.
“Инсайдер” деп катталган колдонуу: “Жашыл түстөгү курткачан Нурбек Раимбеков. Мунар Сайпидиновдун бир тууганы” – деп жазган.
Мунар Сайпидинов – Кара-Суу районундагы Савай айылынын башчысы.
Укук коргоо органдары бул маалыматты журналисттерге тастыктап, кармалгандандын арасында Нурбек Раимбеков болгонун айтышкан.
Алардын айткан маалыматында, 29-январда Ош шаарындагы “Изюм” ресторанынын жанынан уюшкан кылмыштуу топтун 5 мүчөсү кармалган. Кармалгандар бейбаштыкка шектелүүдө. Алар марттын аягына чейин ТИЗОдо камакка алынышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ