Бүгүн, 19-февраль күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “КРнын айрым мыйзам актыларына, Бузуулар жөнүндөгү” кодексине жана “Автомобиль жолдору жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды.
Жыйында “Бир Бол” фракциясынан ЖКнын депутаты Эрмамат Тагаев: “Жол министрлиги коррупцияга белчесинен батып бүткөн” -деп билдирди.
Ал депутат Улугбек Ормоновдун сунушун колдоп, аталган министрликти түбүнөн өзгөртүп, “тамырынан” кесиш керектигин билдирди.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ