Токмок шаарында окуучуну унаа менен сүзүүгө шектелген айдоочу кармалды. Бул туралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы бүгүн, 20-февраль күнү билдирди.
Алардын айтымында, бүгүн болжол менен саат 7:30да Чүй районундагы Чүй айылында унаа 12 жаштагы окуучуну сүзүп, качып кеткен.
Чүй, Кемин райондорунда жана Токмок шаарында “Кармоо” планы жарыяланып, болжол менен саат 11лерде 47 жаштагы Л.Н. аттуу айдоочу кармалган. Ал укук коргоо органдарына окуучу баланын абалы жакшы экен деп ойлоп, кетип калганын айткан.
12 жаштагы бала сол бутунан жаракат алгандыгы айтылат.
Аталган факт катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ