Эркин күрөш боюнча Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында Айсулуу Тыныбекова коло медалга ээ болду.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, биринчи кармашта эле япониялык Юкако Каваиден 6:1 эсебинде утулуп калган. Ал эми япониялык балбан кыз индиялык Сонам Сонамды жеңип финалга чыккан.
Айсулуу Тыныбекова индиялык Сонам Сонам аттуу кыз менен күрөшүп, аны 11:0 эсебинде жеңип, коло медалдын ээси болду.
Белгилей кетсек, Азия Чемпионаты 18-23-февралга чейин уланат. Турнирдин ачылышы 18-февралда, «KD Jadhav Hall of Indira Gandhi» стадионунда өткөн.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ