Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын абагында китеп жазып жатат. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев китептин жарымын жазып койгон. Китеп автордун бала-чагы, мектептеги жылдары тууралуу.
Жактоочу китепти Атамбаев өзү жазып жатканын айткан.
“Китеп жазуу үчүн ага атайын дептерлер берилген. Анын ден соолугунун абалы өтө оор болгонуна карабай, китепти өз колу менен жазууда” – деген жактоочу.
Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыгарылышы үчүн жана башка бир катар беренелер менен айыпталууда. Ал былтыр 7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүнөн атайын операциянын негизинде кармалып, камакка алынган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ