Menu

Фото – Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү ишкердин унаасын тартып алып, андан 13 миң доллар талап кылышкан

Бөлүшүү:

Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү ишкердин тартып алган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 27-февралда билдирди.

Алардын айтымында, февраль айында Ош ОИИБге ишкерлик менен алектенген жаран кайрылып, опузалап талап кылуу жана анын мүлкүн ээлеп алуу фактылары боюнча билдирген.

Такталгандай, февраль айынын башында бир нече белгисиз адамдар Ош шаарындагы кичирайондордун биринен коркутуп, «Opel» үлгүсүндөгү автоунааны өздөрүнө мажбурлап жаздырып, ишкердин автоунаасын ээлеп алышкан. Бир нече күндөн кийин ошол эле адамдар 3000 АКШ долларынан ашык акча каражатын тартып алышып, андан дагы ири суммадагы акча каражатын талап кылышкан. Алар талап кылган акча каражатынын жалпы суммасы – 13 000 АКШ доллары.

Аталган факты КЖБРге катталып, КРнын Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүндө (Опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Аталган кылмыш ишине уюшкан топтун жасагандыгы боюнча белгилери бар болгондуктан облустук ИИБдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмү тарабынан ыкчам иштер жүргүзүлө баштаган. Жакында ыкчам алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө Ош ОИИБдин КМКнын УККБнын кызматкерлери талап кылып жаткан 2800 АКШ долларын алып жаткан жеринен шектүүлөрдүн бири, мурда бир нече жолу соттолгон Кара-суу районунун тургуну 1973-жылы туулган Р.З. аттуу жаран кармалды.

Ал эми экинчи шектүү, Кара-Суу районунун тургуну 1992-жылы туулган И.М. аттууну жабырлануучудан тартып алган «Opel» үлгүсүндөгү автоунааны айдап жүргөн жеринен кармашкан.

Ош ОИИБдин КМКнын маалымат боюнча кармалган жарандар УКТнын мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турушат. Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Аталган кылмышка тиешеси бар башка шектүүлөрдү кармоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: