Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өлкөнүн тармактык мамлекеттик органдарына Италиядан Кыргызстандын 2 жаранын келиши боюнча кырдаалды дыкат иликтөөнү тапшырды.
Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов парламенттеги жалпы жыйында бүгүн эртең менен Италиядан келген Кыргыз Республикасынын 2 жаранын дене табын текшерип туруп эле коё бергендери боюнча айткан.
Алтынай Өмүрбекова бул окуя боюнча иликтөө жүргүзүү тапшырмасын берди. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ