Menu

Өзбекстанда элчинин кызына таандык ресторанда чыр чыгарган өспүрүмдөр кармалды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Фергана шаарындагы «Сеул» ресторанында чыр чыгарган үч өспүрүм кармалды. Бул тууралуу облустук прокуратуранын аты-жөнүн атагысы келбеген кызматкери билдирди.

Анын айтымында, 19-февраль күнү кечинде өспүрүмдөр аталган ресторанга кирүүгө аракет кылышкан. Бирок күзөтчүлөр киргизбей коюп, ортодо чыр чыккан.

«Алар ресторандын эки кызматкерин сабап салышкан. Андан соң имараттын терезе-эшиктерине таш ыргытып, качып кетишкен. Жолдо баратып алардын машинеси жөө адамды сүзүп кеткен. Учурда үчөө тең камакта», — деди прокуратура кызматкери.

Өз булактардын маалыматына караганда, «Сеул» ресторанына Өзбекстандын Түштүк Кореядагы элчисинин кызы ээлик кылат.

Кармалган өспүрүмдөрдүн биринин атасы тергөөчүлөр балдарды негизсиз эле оор беренелер менен айыптап жатканын билдирүүдө.

– Балдар чынында эле чыр чыгарышкан. Бирок азыр аларга оор беренелер боюнча айып тагылып жатат. Эч ким мерт болбосо да, алар адам өлтүрүүгө айыпталып жатышат. Анткени чыр чыккан ресторандын ээси Түштүк Кореядагы элчинин кызы», — деди ал.

Журналисттер бул боюнча комментарий алуу үчүн ресторандын ээси менен байланыша алган жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 96 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: