Menu

Видео – Митингичилер менен милициянын кагылышы

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-мартта Бишкектин Ала-Тоо аянтында абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери аны абактан бошотуу талабы менен митинг өткөрүштү.  Бирок митингге атамбаевчил күчтөр да байкатпай аралашып кеткени байкалып турду.

Митингдин уюштуруучулары кечки саат 17:00гө чейин уруксат алышканына карабай митинг 17:00дөн кийин да улана берди. Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаров Президенттик аппарат алардын өкүлдөрүн кабыл алып, маселени 3 күндө чечүү убадаланганын айтышканын билдирип, митингичилерди тарап кетүүнү суранды. Бирок аны эч ким укпай койду.

Кечки саат 18:15те митингичилердини жарымы эч кимди Ак үйдү көздөй бет алышты. Аларды алдынан тоскон милиция суу аткыч машина менен атып, тарсылдак куру дүрмөт гранаталарды ыргытып митингичилерди кууп таратты. Моюн бербегендерин кармап, милициянын машинасына камап жатышат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: