Menu

Видео – Ирина Карамушкина, айыпталуучу: “Атамбаев баштаган айыпталуучулар аквариумда олтурушат, анын ичи ысык экен, дем алуу кыйын, аларды аквариумдан чыгарыш керек”

Бөлүшүү:

“Айыпталуучулардын баары аквариумда, айнектин ичинде олтурушат, ал жер аябай ысык, дем алуу кыйын, эч нерсе угулбайт дешет. Алар адвокаттары менен айрым маселелерди талкуулай албай жатышат. Аларды аквариумдан чыгарыш керек, ошондуктан бүгүн адвокаттар аларды аквариумдан чыгаруу боюнча сотко өтүнүч менен кайрылышты”, – деп билдирди бүгүн, 3-мартта оор кылмыштарга айыпталуучу Ирина Карамушкина.

Эсиңиздерге сала кетсек, бүгүн, 3-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда былтыр, 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларында адам өлтүрүү жана башка кылмыш фактылары боюнча Алмаз Атамбаевдин жана анын 18 жан-жөкөрүнүн үстүнөн сот иши башталды. Ал кылмыш иштери боюнча азыр 19 адам айыпкер катары соттолууда. Алардын ичинен Атамбаевдин 5 жан-жөкөрү тергөө менен кызматташууга баргандыктан алардын иштери бөлүнүп, өздөрү үй камагына чыгарылган, алар: Алга Кылычев, Амантур Жамгырчиев, Кыяс Смаилов жана башкалар.

Ал эми Алмаз Атамбаев, Фарид Ниязов, Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Кундуз Жолдубаева, Мээрбек Мискенбаев жана башка 14 жаран адам өлтүрүү, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууну пландаштыруу, массалык баш аламандыкты уюштуруу, бейбаштык, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө сыяктуу оор кылмыштарга шектелип, соттук териштирүү башталды.

Аталган кылмыш иштери 84 томдон турат. Алмаз Атамбаевди жана анын жан-жөкөрлөрүн Кыргызстандагы эң кымбат адвокаттар коргошууда.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: