Menu

Тартип сактоо жана дарыгерлердин сунуштарын эске алуу ар кандай вирустардын, анын ичинде коронавирустун жайылышын алдын алууну шарттайт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагынакелүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйыны болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызмаы билдирди.

9-мартка карата республикада эпидемиологиялык кырдаал туруктуу,коронавирустун чыккан учуру катталган жок.

Дүйнөдөгү жагдайды эске алуу менен,медицина кызматкерлери, эпидемиологдор, санитардык дарыгерлер, тез жардам жанабашка ыкчам кызматтардын кызматкерлери күнү-түнү нөөмөт менен иштөөсүн улантыпжатат.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү учурдаИранда турган кыргызстандык жүк ташуучуларга байланыштуу жагдай көзөмөлдөэкенин айтты. Министрлик бул маселе чечүү үчүн өнөктөштөр менен байланышууда.

Diamond Princess саякат кемесинде болгон Кыргыз Республикасынын жараны9-мартта Бишкекке келди. Ал карантинге изоляцияга жаткырылды. Анын ден соолугуканааттандырарлык, коронавирустун бар же жогун аныктоо үчүн анализ алынды. Булкыргызстандыктын колунда Япониядагы бейтапканадан берилген ден соолугу жакшыэкенин күбөлөндүргөн сертификаты да бар.

Жыйында соода, бизнесборборлордун, супермаркеттердин жана оюн-зоок жайларына келгендердин денсоолугун сактоо үчүн санитайзерлерди, аба тазалоочу жабдууларды орнотуу жанакелгендерди жетиштүү деңгээлде дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоосунушу берилгени айтылды. Бишкек жана Ош шаардык мэриясы бул маселени көзөмөлгөалды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүноблустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана райондук администрацияларгажергиликтүү деңгээлдеги бардык соода түйүндөрүн (рынокторду) туруктуу түрдөдезинфекциялоону уюштуруу жана жүргүзүү тапшырылды.

Билим берүү жана илим министрлигинесасык тумоону, анын ичинде коронавирустун алдын алуу, өздүк гигиена эрежелерижөнүндө билим берүү мекемелеринде маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантуутапшырмасы берилди.

Жыйындын катышуучулары белгилешкендей,коронавирус чыккан дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жарандардын тартипти, медицинакызматкерлеринин нускамаларын сактоосу ар түрдүү вирустардын, анын ичиндекоронавирустун жайылышынын алдын алат. Бул колду жуу, тамакты чайкоо, жылуусууну жетиштүү көлөмдө ичүү, адамдар көп жыйналган жерлерге барбоо сыяктууөздүк гигиена эрежелерин сактоо болуп саналат.

Республикалык штаб дагы бир жолу көпадамдар чогулган кандайдыр бир иш-чараларды өткөрбөй туруу тажрыйбасындүйнөдөгү көп өлкөлөр колдонуп жатканын, ал тургай айрым мамлекеттер мыйзамменен чектөө киргизгенин эскертүү менен, топтолгон эл катышкан иш-чаралардыжакынкы арада өткөрбөй турууну катуу эскертет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: