Бүгүн, 9-март күнү Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун митингдерге, тынч чогулуштарга, жүрүштөргө чектөө койгон чечимин жокко чыгарды.
Прокуратура жана “Шанс” кризистик борборунун өкүлдөрү сотко кайрылып, өтүнүч келтирген. Алардын дооматын уккан судья биринчи инстанциядагы чечим Конституцияга жана “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамына каршы келип жатат деген пикирге макул болгон.
Белгилей кетсек, 5-март күнү Биринчи май райондук соту Бишкек мэриясы сунуштаган митингдерге тыюу салуу маселесин карап, митинг жана тынчтык акциялары 1-июлга чейин өткөрүлбөйт деген чечим чыгарган. Бишкек мэриянын өкүлдөрү мындай сунуш коронавируска жана 2-мартта болуп өткөн митингге байланыштуу экенин белгилешкен эле.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ