Көптөгөн активисттер жана аялдын укугун коргогон уюмдар ишемби күнү кечинде Парижде өткөн акциядагы полициянын зомбулугун айыптады. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
Ишемби күнү, 7-мартта кечинде Париждин аянтында миңдеген феминисттер чогулган. Жергиликтүү администрация менен макулдашылбаган акция феминисттик жана антирасисттик деп жарялынган.
Чет өлкөлүк ММКлар жазгандай, акциянын кээ бир катышуучулары жерге жатып алып, полицияга каршы ураан чакырышкан. Полициянын кызматкерлери башаламан жүрүштөрдүн алдын алуу максатында аларга көздөн жаш чыгаруучу газ колдонгон. Жергиликтүү бийлик акциянын 9 катышуучусу кармалганын кабарлаган.
Полициянын иш-аракетин сындап көптөгөн белгилүү феминисттер чыгышкан. Париждин мэри Анн Идальго полиция тарабынан көрсөтүлгөн зомбулукка нааразы болгонун билдирген. Аялдар менен эркектердин ортосундагы теңдик маселеси боюнча мамлекеттик катчы Марлен Шьяппа ИИМдин башчысы Кристоф Кастанер полициядан окуя жөнүндө отчет талап кылганын билдирген.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ