Menu

Видео – Дастан Сарыгулов: “Темир Сариевдин билими физкультура мугалими, тажрыйбасы болсо чайкоочулук, анан ал “Кыргызалтын” Жер үйдү иштете алабы же жокпу кайдан билет эле?

Бөлүшүү:

“Жер үй алтын кени $100 миллионго сатылсын деген өзү мыйзамсыз болуп жатат. Келишимде Жер үйдү пайдалануу акысы $100 миллион болсун деп жазышыптыр, закондо мындай норма жок да, пайдалануу акысы деген. Мыйзам боюнча алтын бөлүнуш керек”, – деп билдирди 9-мартта өткөн Жер үй боюнча Элдик комиссиянын биринчи отурумунда “Кыргызалтын” ишканасынын экс-жетекчиси Дастан Сарыгулов.

“Биз азыр Жер үйдү токтотолу, соттошолу дебешибиз керек. Коомдук комиссия токтотсун десе анда ызы-чуу болот. Бул инвестициондук климатка да тескери таасирин кылат. Биз өзүбүзгө душман эмеспиз да. Укуктук талаада маселе чечилиш керек. Өкмөткө кайрылуудан да майнап чыкпайт, өкмөт чече албайт. Ошондуктан биз Парламент менен Президентке кайрылып, мамлекеттик комиссия түзүп, мыйзамды бузган фактыларды текшерип берсин кайрылышыбыз керек… Ачык эле көрүнүп турат, Жер үйдү сатышканда Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы сакталган эмес, азыр эле көрүнүп турат: коррупциялык иш болгон. Мындан эч күмөн жок. Жанагы Темир Сариев айтып жатпайбы: “Жер үйдү “Кыргызалтын” иштете албайт болчу” деп. Темир Сариевдин билими физкультура боюнча мугалим, ал эми тажрыйбасы чайкоочулук, бизнесмен, анан ал эмнени билет эле? Каяктан ал билет “Кыргызалтын” ишканасы Жер үйдү алса иштете албашын? Мисалы, Макмал алтын кени долбоор боюнча 1998-жылы эле токтоп, жабылмак. Биз “Кыргызалтын” аны реконструкция кылып, дагы 18 жылга алтын казууну узарттык. Бюджеттен, өкмөттөн 1 сом албай туруп 18 жылга узарттык. Бул эмне “Кыргызалтындын” мүмкүнчүлүгүн көрсөтпөйбү? Анан “Солтон-Сары” алтын кенин “Кыргызалтын” ишканасы бюджеттен бир тыйын албай куруп койгон, бүгүнкү күнгө чейин иштеп жатат… Азыр Таласта абал курчуп турат. Коомдук-саясый кырдаалды чайкаганга эч кандай түрткү дагы, шыкак дагы бербешибиз керек. Баарына белгилүү “Востокгеологдобыча” акча менен бир катмарды өзүнө тартып алды. Алар менен чындыкты айткандардын ортосунда кагылышуу болот. Ызы-чуу болот, анын эмне кереги бар? Бизде, Кыргызстанда азыр коомдук-саясый туруктуулукту бекем кармашыбыз керек”, – деди Дастан Сарыгулов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: